Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасындагы Элчилери үчүн брифинг

2022-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбордук Азия мамлекеттеринин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери менен жолугушту.

Жолугушууда Н.Ниязалиев регионалдык кызматташтыктын азыркы абалына оң баа берип, аны мындан ары бардык мамлекеттердин кызыкчылыгында өнүктүрүүнүн келечегин белгиледи. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын жыйынтыктоочу документтерине ылайык Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кыргыз тараптын кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Жолугушууга Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси Р.Жошыбаев, Тажикстандын Кыргызстандагы Элчиси Н.Ализода, Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчиси Ш.Мередов жана Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчиси X. Мирзахидов катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK