«Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференцияга катышуунун алкагында Ташкент шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров бир катар жолугушууларды өткөрдү

«Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференцияга катышуунун алкагында 2021-жылдын 15-июлунда Ташкент шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын бажы комитетинин төрагасы Муротжон Азимов, Ташкент шаарынын мэри Джахонгир Артыкходжаев, Өзбекстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министринин биринчи орун басары Илхом Норкулов жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик салык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Мубин Мирзаев менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын максаты - байланыштарды түзүү жана экономикалык чөйрөдө мындан ары тыгыз кызматташуунун жолдорун, ошондой эле 2021-жылдын 11-12-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапарынын учурунда кол коюлган Өнөр жай кызматташтыгы жаатында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралардын планын ("Жол картасы") ишке ашыруу маселелерин жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн келерки жылы 2 млрд. АКШ долларына жеткирүүнү талкуулоо болду.

Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине болгон иш сапарынын жүрүшүндө А.Жапаров Мамлекеттик бажы комитетинин Чек ара бажы постторунун иши, анын ичинде аэропорттордогу реалдуу убакыт режиминде координациялоого жана көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген кырдаал борборунун иши менен таанышты.

Ошондой эле Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин Борбордук бажы лабораториясынын иши көрсөтүлдү.

Ташкент шаарынын мэри Ж.Артыкходжаев менен болгон жолугушуунун алкагында А.Жапаров «Ташкент Сити» көңүл ачуу зонасынын долбоору, таштандыларды сорттоо пункттарын уюштуруу, катуу тиричилик таштандыларын чогултуу, сорттоо, кайра иштетүү жана эмгекке акы төлөөнү уюштуруу иштери менен таанышты.

Тажрыйба алмашуу максатында Ташкент шаарынын мэриясы тарабынан толук маалыматтар, башкы план жана Ташкент шаарында жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу презентациясы сунушталды. Ошондой эле бул багыттагы кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн атайын адистердин иш сапары макулдашылды. Ташкент шаарынын акими кызыккан бардык маселелер боюнча мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министрлигинде министрдин биринчи орун басары И.Норкулов менен жолугушуу болуп өттү.

Жакырчылыктын деңгээлин аныктоонун улуттук ыкмасы жөнүндө суроолор көтөрүлдү. Бул тармакта мындан аркы кызматташуу үчүн болгон дараметин пайдалануу боюнча макулдашуу жетишилди.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK