БУУнун Башкы Ассамблеясынын пленардык жыйынында БУУнун Башкы катчысынын Тынчтык куруу фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун кароодо Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева сөз сүйлөдү

2021-жылдын 29-июлунда БУУнун Башкы Ассамблеясынын пленардык жыйынында БУУнун Башкы катчысынын Тынчтыкты куруу фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө жана Тынчтыкты куруу боюнча комиссиянын отчетторун кароонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева сөз сүйлөдү.

Кыргызстандын Туруктуу өкүлү өз сөзүндө Кыргызстан Тынчтыкты куруу фонду менен кызматташууга чоң көңүл буруп жаткандыгын жана акыркы 10 жылда улуттук биримдикти чыңдоого, аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн, өлкөдө зомбулук экстремизмдин алдын алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорду ишке ашыргандыгын белгиледи.

Ошол эле учурда Туруктуу өкүл М.Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын кийинки беш жыл ичинде Фонд аркылуу Кыргызстандагы долбоорлорго колдоо көрсөтүүнү улантуу чечимине ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз тарап өлкөдөгү долбоорлордун кийинки этабын ишке ашырууда социалдык-экономикалык аспектке, билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташууга көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK