БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги “Пандемиялар жана тынчтыкты сактоо маселелери” темасындагы виртуалдык ачык дебаты болуп өттү

2020-жылдын 12-августунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги “Пандемиялар жана тынчтыкты сактоо маселелери” темасында виртуалдык ачык дебаты болуп өттү. Индонезия тарабынан (август айында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагасы катары)  жана видеоконференция форматында уюштурулган ачык дебатка БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, мурдагы БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева катышты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү өз сөзүндө, коронавирус  пандемия шартында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү, ошондой эле, дүйнөдө куралдуу чыр-чатактарды алдын алуу зарылдыгын белгиледи.

Атап айтканда, коронавирус  пандемиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын Коопсуздук Кеңешинин борбордук ролу менен бүткүл эл аралык коомчулуктун тез арада биргелешкен күч- жана чечкиндүү аракеттерин талап кылат. Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы катчысы А. Гутерриштин дүйнөлүк ок атууну токтотуу чакырыгын жана COVID-19 пандемиясына каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү колдой тургандыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү өнүгүү кызматташтыгын күчөтүү жана айрыкча глобалдык пандемия шартында жеңилдетилген каржылоого мүмкүнчүлүктү кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ал бардык өнүккөн өлкөлөрдү жана эл аралык каржы институттарын, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин карыздарын жеңилдетүү жана аларга пандемияга жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө үндөгөн.

Мындан тышкары, Кыргызстан бардык донорлорду керектүү дары-дармектерди, жабдууларды сатып алууга каражат бөлүү жана мүчө мамлекеттерге жардам берүү боюнча кошумча чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат. COVID-19 пандемиясынын учурунда медициналык кадрлардын жетишсиздигинен улам, БУУнун бардык мүчөлөрү медициналык персоналды жана медициналык инфраструктураны коргоого олуттуу мамиле жасашы керек жана оор кырдаалга дуушар болгон өлкөлөргө медициналык ыктыярчыларды жана топторду жиберүүнү сунуштайт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK