Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында 2024-жылдын апрель айында аткарылган иштер жөнүндө

2024-жылдын апрель айында Министрликтин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук тармакта төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен 111 жолугушуу өткөрүлдү;   
  • документтештирүү боюнча 40 624 консулдук иш-аракеттер жана консулдук кызматтар көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча 7181 консулдук иш-аракеттер аткарылды;     
  • консулдук-укуктук чөйрөдө жарандардын 246 жазуу жүзүндөгү кайрылуулары оң каралды;
  • консулдук кызматтарды алуу маселелери боюнча 21 977 жаранга консультациялар берилди;
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш телефондору аркылуу 4 975 адамга консультация берилди;  
  • Кыргыз Республикасынын 2 208 жаранына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү;  
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен кырсык болгон жерлерге, чет мамлекеттердин укук коргоо жана сот органдарына 126 консулдук чыгуулар уюштурулду;  
  • Кыргызстандын жарандарын кармоонун шарттары менен таанышуу жана аларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Екатеринбург, Новосибирск, Санкт‑Петербург, Сургут, Южно-Сахалинск (Россия), ошондой эле Дубай (БАЭ) жана Стамбул (Туркия) шаарларында жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайларга консулдук чыгуулар уюштурулду;   
  • Россиянын Калининград, Челябинск облустарындагы жана Ханты-Мансийск автономиялуу округундагы - Юграда, ошондой эле Туркиянын Денизли провинциясында жайгашкан сегиз түзөтүү мекемесине  консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндигинен ажыратууга соттолгон 94 жараны менен консулдук жолугушуулар өткөрүлдү;
  • Венгриянын, Россиянын жана Туркиянын тергөө изоляторлорунда кылмыш иштери боюнча кармалган Кыргыз Республикасынын 10 жараны менен консулдук жолугушуулар уюштурулду;
  • консулдук кызматкерлер Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Россиянын сотторунда жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча 8 сот отурумуна катышты;
  • Кыргыз Республикасынын 77 жаранын административдик жоопкерчиликтен бошотуу / алардын административдик жоопкерчилигин жеңилдетүү маселелери иштелип чыкты;
  • Кыргыз Республикасынын 2 жаранына кылмыш жазаларын жеңилдетүүгө / кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;
  • Кыргыз Республикасынын 8 жаранынын 550 миң сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилди; 
  • Беларуста, Германияда, Казакстанда, Кувейтте, Россияда, Сауд Арабиясында, Тажикстанда, Туркияда, Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жаранына мекенине кайтууга жардам көрсөтүлдү;
  • АКШнын Теннесси жана Пенсильвания штаттарына консулдук чыгуулар уюштурулуп, асырап алынган эки баланын асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндө жашоо жана тарбиялануу шарттарына мониторинг жүргүзүлдү;
  •  Россияда жана Тажикстанда мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосуз калган жашы жете элек Кыргызстандын  9 жаранын (Россиядан - 5, Тажикстандан - 4 жашы жете элек баланы) мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүлдү;  
  • чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын 14 жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоого көмөк көрсөтүлдү;
  • Кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин катышуусу менен чет өлкөлөрдө 63 иш-чара өткөрүлдү;
  • Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн Калининград, Мирный (Россия), ошондой эле Хьюстон (АКШ) шаарларына консулдук иш-сапарлар уюштурулду;
  • Таиланд тарап менен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Таиланд Королдугуна электрондук виза алуу маселеси иштелип чыкты.

Министрлик Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте бул багытта жигердүү иштерди улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK