Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында 2024-жылдын май айында аткарылган иштер жөнүндө

2024-жылдын май айында Министрликтин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук тармакта төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен 90 жолугушуу өткөрүлдү;    
  • документтештирүү боюнча 47 364 консулдук иш-аракеттер жана консулдук кызматтар көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча 11 109 консулдук иш-аракеттер аткарылды;      
  • консулдук-укуктук чөйрөдө жарандардын жазуу жүзүндөгү 158 кайрылуулары оң каралды;
  • консулдук кызматтарды алуу маселелери боюнча 21 343 жаранга консультациялар берилди; 
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш телефондору аркылуу 5 155 адамга консультация берилди;  
  • Кыргыз Республикасынын 2 108 жаранына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү;    
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен кырсык болгон жерлерге, чет мамлекеттердин укук коргоо жана сот органдарына 110 консулдук чыгуулар уюштурулду;   
  • Кыргызстандын жарандарын кармоонун шарттары менен таанышуу жана аларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Тюмень (Россия) шаарларында жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайларга консулдук чыгуулар уюштурулду;     
  • Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай, Шарджа, Аджман Эмираттарында, ошондой эле Санкт-Петербург, Сургут жана Тюмень (Россия), Багдат (Ирак), Дунгуань (Кытай), Семей (Казакстан) шаарларында жайгашкан он төрт түзөтүү мекемесине  консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндигинен ажыратууга соттолгон 118 жараны менен консулдук жолугушуулар өткөрүлдү;
  • Венгриянын, Россиянын тергөө изоляторлорунда кылмыш иштери боюнча кармалган Кыргыз Республикасынын 3 жараны менен консулдук жолугушуулар уюштурулду;
  • консулдук кызматкерлер Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Россиянын сотторунда жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча 6 сот отурумуна катышты;
  • Кыргыз Республикасынын 45 жаранын административдик жоопкерчиликтен бошотуу / алардын административдик жоопкерчилигин жеңилдетүү маселелери иштелип чыкты;
  • Кыргыз Республикасынын 3 жаранына кылмыш жазаларын жеңилдетүүгө / кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;
  • Венгрияда жумуштан кыскартылган Кыргыз Республикасынын 211 жаранына кайра ишке орношууга көмөк көрсөтүлдү;
  • Кыргыз Республикасынын 9 жаранынын 289 000 сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилди; 
  • Венгрияда, Казакстанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Россияда, Сауд Арабиясында, Түркияда жана Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 34 жаранына мекенине кайтууга жардам көрсөтүлдү;
  • Иракта соттолгон энелери менен жүргөн Кыргызстандын 2 жашы жете элек жаранын, ошондой эле Туркияда мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосуз калган Кыргызстандын 1 жашы жете элек жаранын мекенине кайтарууга жардам көрсөтүлдү; 
  • чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын 14 жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоого көмөк көрсөтүлдү;
  • Кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин катышуусу менен чет өлкөлөрдө 60 иш-чара өткөрүлдү;
  • Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн Краснодар, Сочи, Хабаровск (Россия), ошондой эле Шымкент жана Тараз (Казакстан) шаарларына консулдук иш-сапарлар уюштурулду; 

Министрлик Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте бул багытта жигердүү иштерди улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK