Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышты

2019-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.   Майрамдык иш-чара Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, мамлекеттик, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, парламенттин, өкмөттүн жана дипломатиялык корпустун мүчөлөрүнүн катышуусунда “Өзбекстан” эл аралык форумдарынын сарайында өттү.

Өз сөзүндө, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиёев иш-чаранын катышуучуларын куттуктады жана Көз карансыздык жылдары Өзбекстандын жетишкендиктерин белгиледи. Салтанат искусствонун  мастерлери жана жаш артисттердин аткаруусундагы концерт менен улантылды..

Ушул жылдын 1-сентябрында Элчи И.Джунусов жана Элчиликтин жалпы жамааты Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Өзбекстан Республикасынын Министрлеринин кабинетинин алдындагы Улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөр менен  достук байланыштар боюнча комитети тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында концерт жана көргөзмөлөргө катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK