Стамбул шаарында КР ТИМнин Статс-катчысы А.Омокеев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматтыштык кеӊешинин (ТМКК) Улук кызмат адамдарынын комитетинин атайын отурумунда катышты

2019-жылдын 2-августунда Стамбул шаарында КР ТИМнин Статс-катчысы А.Омокеев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматтыштык кеӊешинин (ТМКК) Улук кызмат адамдарынын комитетинин атайын отурумунда катышты.

Аталган отурумдун жүрүшүндө ТМККне мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрү ТМККнын келе жаткан 7-Саммиттинин (2019-жылдын 15-октябры, Азербайжан Республикасы), ТМККнын Венгриядагы Өкүлчүлүгүнүн ачылышы, ошондой эле түрк кызматташтык уюмдарын реформалоо боюнча Концептуалдык документинин долбоорун талкуулашты.

Түрк кызматташтык уюмдарын реформалоого байланыштуу жалпы процесстердин алкагында, Түрк кеӊешинде төрагалык тараптын функцияларын аткарып жаткан Кыргыз тарабы, Уюмдун ишмердүүлүгүнүн оптимизациялаштырууга багытталган өз ара пайдалуу жана өз ара ыӊгайлуу чечимдерди табуу зарылдыгын белгиледи.

Маалымат үчүн: ТМКК – түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкка көмөк көрсөтүү негизги максаты болгон мамлекеттер аралык уюм. Кеӊештин негиздөөчүлөрү жана учурдагы мүчөлөрү болуп Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия эсептелет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK