Дубайда КРдин Башкы консулу Т.Абдижалилдин, БАЭ ишкерлеринин жана «Al Matiya Group» эмираттык компаниясынын жетекчилигинин катышуусу менен бизнес-ланч болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугу   «EurAsiaGulf» эмираттык компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Тимур Абдижалилдин, БАЭ ишкерлеринин жана «Al Matiya Group» эмираттык компаниясынын жетекчилигинин катышуусу менен «EurAsiaGulf» бизнес платформасында дипломатиялык бизнес-ланчын уюштурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, анын туристтик потенциалы жана Кыргыз Республикасы менен БАЭ ортосундагы учурдагы соода жүгүртүү менен таанышты.

Бизнес-ланчтын жыйынтыгында «EurAsiaGulf» бизнес-платформасынын ишкерлери бизнес долбоорлорду изилдөө максатында жакынкы арада Кыргызстанга келүү ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK