КР Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн 25-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышышты

2021-жылдын 19-октябрында Екатеринбург шаарында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата салтанаттуу иш – чара өттү.

Өкүлчүлүктүн мааракесине арналган кечеге Россия Президентинин Урал федералдык округундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Владимир Якушев, Свердлов облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Шмыков, Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын, Урал федералдык округунун субъектилеринин өкүлдөрү, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жетекчилери жана башка коноктор катышты.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарныдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерин жана анын башчысы Александр Харловду жылуу куттуктап, кыргыз-орус Тышкы иштер министрликтери аралык ѳз ара аракеттешүү, региондор аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды жана кѳп жылдык жемиштүү кызматташтыкты ѳнүктүрүүгѳ кошкон салым үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды, россиялык дипломаттарга мындан аркы иштерине ийгилик каалоо менен, Кыргызстандын Башкы консулдугунун атынан кыргыз сүрөтчүсүнүн  эмгегин тартуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK