Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Челябинск облусундагы мекендештерге консулдук кызмат көрсөттү

2023-жылдын 27-29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Орусия Федерациясынын Челябинск облусуна консулдук иш сапары менен барды.

Челябинск шаардык «Мекендештер» Кыргыз улуттук-маданий автономиясы» коомдук уюмунун көмөгү менен Челябинск облусунда жашаган мекендештер менен жолугушуу өттү.

Мекендештерге Башкы консулдук тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, консулдук кызмат көрсөтүүлөр жана ченемдик-укуктук базадагы айрым өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, алардын суроолоруна жооп беришти.

Кабыл алуу учурунда 50дөн ашык жаранга консулдук кызмат көрсөтүлдү. Тактап айтканда, улуттук паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү тариздөөгө документтерди кабыл алып, биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана консулдук каттоого тургузуу ишке ашырылды, ошондой эле мурда таризделген документтер тапшырылды.

Мекендештер Башкы консулдукка иш чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK