Кыргыз-канада экономикалык кызматташтыгын активдештирүү жөнүндө

2024-жылдын 1-майда Кыргызстандын АКШ жана Канадагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси  Бакыт Аманбаев Канаданын Евразия Соода палатасынын башкармалыгынын төрайымы Марта Харрисон жана анын командасы менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Канада менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтык жакшыртуунун багыттары талкууланды. Бакыт Аманбаев алгач Борбор Азия региону тууралуу маалымат берип, андан соң Кыргызстандын ресурсттуук потенциалы жана экономикалык артыкчылыктуу багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу боло турган экономикалык долбоорлор тууралуу сунуштары менен бөлүштү. Канада тарап өз ишмердүүлүүгү тууралуу маалымат берүү менен Борбор Азия анын ичинде Кыргызстан менен конкреттүү тармактарда кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.

Элчи мырза жолугушууда талкууланган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында келечекте биргелешкен бизнес форум өткөрүүнү сунуштады. Канада тарап элчинин сунушун жогорудагыдай сунушун кабыл алып, бул багытта келечекте бул биргелешип иш алып барууга убада беришти.

Мындан сырткары Бакыт Аманбаев Канаданын экспортту өнүктүрүү корпорациясынын регионалдык директору Нейл Крелл менен жолугушту. Жолугушууда келечекте эки тараптуу кызматташтык жакшыртуу боюнча маселе талкууланды. Келечекте биргелешип иш алып баруунун планды макулдашылды. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK