Элчи А.Анарбаев «AirAsia» авиакомпаниясынын глобалдык саясат жана өкмөттүк байланыштар департаментинин директору З.Рафик менен жолугушту

2024-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде Элчи Анвар Анарбаев «AirAsia» авиакомпаниясынын глобалдык саясат жана өкмөттүк байланыштар департаментинин директору Замани Рафик менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда жүргүнчүлөр жана жүк ташуучу түз авиакаттамдарды орнотуунун келечегин талкуулашты. Элчи Анвар Анарбаев ыңгайлуу жана жеткиликтүү түз авиакаттамдардын ишке кириши туризмди, сооданы, бизнес байланыштарды, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы маданий жана билим берүү алмашууларды өнүктүрүгө түрткү берерин баса белгиледи.

«AirAsia» Авиакомпаниянын өкүлү эки өлкөнүн жарандары үчүн жеткиликтүү баалар боюнча «Куала-Лумпур - Бишкек» каттамдары боюнча түз авиарейстерди ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кошкондо, учуулардын бара турган пункттарынын тизмесин кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Компания ошондой эле жакынкы арада кызматташуунун келечегин изилдөө үчүн Кыргыз Республикасына келүүгө даярдыгын билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK