Элчи Азизбека Мадмаров менен Түркмөнстандын Межилисинин Төрайымы Дуньягозел Гулманованын жолугушуусу болду

2024-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстан Межилисинин Төрагасы Дунягозел Гулманова менен жолугушту.
Тараптар эки өлкөнүн парламенттери арасында алмашуу форматын  жана  комитеттер менен достук топторунун ортосундагы диалогду  колдонуу менен парламенттер аралык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты. Парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү үчүн өз ара сапарларды уюштурууга да өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын экинчи жолугушуусун уюштуруу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россия Федерациясынын парламенттер аралык форумун активдештирүү боюнча пикир алмашышты, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Япониянын парламент башчыларынын биринчи жолугушуусун Ашхабад шаарында өткөрүү боюнча Түркмөн тарабынын демилгесин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK