Элчи Эрбол Султанбаев Беларустун Финансы министри Юрий Селиверстов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын Финансы министри Юрий Селиверстов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар каржы жана инвестиция чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдөгү долбоорлорду каржылоонун ар кыл варианттарын карап чыгышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK