Элчи Кайрат Осмоналиев Грузиянын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Лаша Дарсалия менен жолугушту

2024-жылдын 22-майында Тбилиси шаарында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы жана Грузиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев Грузиянын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Лаша Дарсалия менен жолугушту.

Кыргызстан менен Грузиянын талапкерлерин эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо маселелери талкууланды. БУУнун КӨАК алкагында жылдырылып жаткан Кыргыз Республикасынын Тоону туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартиби боюнча демилгелери жана аларды грузин тараптан колдоо мүмкүндүгү өзүнчө сүйлөшүлдү.

Жолгушуунун соңунда маектештер эки өлкөнүн ортосундагы түрдүү тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө тараптардын даяр жана кызыкдар экендигин белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK