Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Энергетика Стратегиясы жана саясатты изилдөө борбору (TESPAM) тарабынан уюштурулган Түркиянын Энергетика бирлигинин конгрессинин панелдик сессиясына онлайн режиминде катышты
2021-жылдын 31-мартында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Энергетика Стратегиясы жана саясатты изилдөө борбору (TESPAM) тарабынан уюштурулган Түркиянын Энергетика бирлигинин конгрессинин панелдик сессиясына онлайн режиминде катышты.
Иш-чарага Афганистандын, Казакстандын жана Пакистандын Элчилери, Азербайжан парламентинин депутаты, ошондой эле энергетика жаатындагы адистер, илимпоздор жана ар кандай фонддордун, университеттердин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи К.Өмүралиев энергетикалык потенциал жөнүндө презентация жасап, Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор жөнүндө айтып берди. Муну менен катар, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга, ошондой эле Кыргызстандын жаңылануучу энергия булактары жаатындагы зор потенциалына көңүл бурду.