Элчи Марат Нуралиев Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Мухаммед Абдулла Саед Аль Субайи менен жолугушуу өткөрдү

2024-жылдын 3-июнунда Катар Мамлекетиндеги Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марат Нуралиев Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Мухаммед Абдулла Саед Аль Субайи менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшундө, тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү, жүрүш шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн байланыштарды улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK