Элчи Муса Джаманбаев “Борбордук Азия – Кытай” аналитикалык борборлорунун IV форумуна катышты

2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев “Борбордук Азия – Кытай” аналитикалык борборлорунун «Жалпы туруктуу өнүгүү жолунда өз ара пайдалуу кызматташтык» темасындагы IV форумуна катышты. Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институту менен Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институту менен биргеликте уюштурулган.

Өз сөзүндө Элчи М.Джаманбаев Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлдерде көмөк көрсөтүү боюнча жигердүү аракеттери жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин” алкагында тоо күн тартибин алдыга жылдыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштер жөнүндө кеңири маалымат берди.

Сөздүн жүрүшүндө форумдун катышуучуларына Кыргызстандын тоолуу өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, элдин бакубаттуулугун жогорулатууга жана тоо экосистемаларын коргоого багытталган тоо демилгелеринин комплексин камтыган видеотасма көрсөтүлдү.

Элчи М.Джаманбаев “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди” ишке ашырууга активдүү катышууга жана бул беш жылдык программанын алкагында Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди колдоого чакырды.

Иш-чарага Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, 20га жакын алдыңкы илимий-аналитикалык борборлордун 40тан ашуун жетекчилери жана эксперттери, ошондой эле Кытайдын жана Борбор Азия мамлекеттеринин Өзбекстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун Директору С.Муканбетов жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Диканбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Ректору А.Кылычев да катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK