Элчи Р.Казакбаев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Мевлют Чавушоглу менен жолугушту

2024-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаев Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы, Түркия Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK