Элчи Р.Казакбаев Түркия Республикасынын Вице-президенти Ж.Йылмаз менен жолугушту

Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Элчи Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн башында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы 2023-жылдын февралында Түркияда болгон кыйраткыч жер титирөөнүн кесепеттерине байланыштуу дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Өз кезегинде Вице-президент Жевдет Йылмаз жер титирөөнүн кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы жана моралдык колдоосу үчүн Кыргызстандын элине жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Элчи Руслан Казакбаев түрк тарапты президенттик жана парламенттик шайлоолордун эркин жана демократиялуу өтүшү менен, ошондой эле Жевдет Йылмаздын өзүн Түркия Республикасынын Вице-президенти жана Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын теңтөрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2023-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, алардын мазмунуна басым жасалды. Өкмөттөр аралык cоода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү пландары да талкууланды.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык темасын улантып, тараптар Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү жана түрк компаниялары менен кыргыз тараптын ортосундагы талаштуу маселелерди чечүү боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын ооруканаларында жыл сайын бекер дарылоону караган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну мүмкүн болушунча эртерээк калыбына келтирүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап жыл сайын берилүүчү квотаны 500 жаранга көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

Мындан башка Түркияда жашаган кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери, анын ичинде жүрүүнү жана иштөөнү мыйзамдаштыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынын ички паспорттор менен өз ара сапарлары, ар кандай себептерден улам өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган Кыргызстандын жарандарына миграциялык амнистия жарыялоо мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселелер каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK