Элчи Т.Базарбаев Италиянын Сенатынын депутаты, Өнөр жай, соода, туризм, айыл чарба жана агроазык-түлүк өндүрүшү боюнча комитетинин мүчөсү, Мафияга каршы күрөшүү боюнча парламенттик комиссиянын мүчөсү Ф.Сильвестро менен жолугушту

2023-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаевдин Италия Республикасынын Сенатынын депутаты, Өнөр жай, соода, туризм, айыл чарба жана агроазык-түлүк өндүрүшү боюнча комитетинин мүчөсү, ошондой эле Мафияга каршы күрөшүү боюнча парламенттик комиссиянын мүчөсү Франческо Сильвестро менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Ошону менен бирге, Кыргызстан менен Италиянын парламенттеринин ортосунда жолугушууларды жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторун түзүү аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен.

Элчи Т.Базарбаев Италиянын Европа Биримдигиндеги маанилүү ролун белгилеп, эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибинин бардык спектри боюнча Италия менен болгон мамилелерди өнүктүрүүгө кыргыз тараптын чоӊ кызыгуусун баса белгиледи.

Сенатор Ф.Сильвестро Кыргызстанды өткөн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу диалогду өнүктүрүү каалоосун кубаттады. Ал парламенттер аралык деңгээлде ишенимдүү мамилелерди түзүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдирип, биргелешкен иш сапарларды жана иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык, эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK