Элчи Т.Базарбаев жана Кыргызстандын Беневенто шаарындагы Ардактуу консулу А.Кастиелло, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору М.Бегалиев менен жолугушту

2023-жылдын 28-апрелинде италиялык делегациянын Бишкек шаарына болгон иш сапарынын алкагында Элчи Т.Базарбаев жана Кыргызстандын Беневенто шаарындагы Ардактуу консулу А.Кастиелло, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору М.Бегалиев менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-италиялык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

А.Кастиелло бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, Беневенто шаарынын «Nicola Sala» мамлекеттик музыкалык консерваториясынын Кыргызстан менен эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында ректор М.Бегалиев аткаруучулардын жана композиторлордун катышуусунда биргелешкен чыгармачылык концерттерди уюштуруу, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, усулдук изилдөөлөрдү жүргүзүү жана башка көптөгөн иштерди камтыган эки тараптуу чыгармачылык кызматташуу келишимине кол койду.  Келишимге жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну баштоо үчүн «Nicola Sala» консерваториясынын президенти Катерина Мелього андан ары кол коюуга берилди.

Ошол эле учурда бул иш-сапардын жүрүшүндө элчи Т.Базарбаев жана Ардактуу консулу А.Кастелло Кыргыз улуттук Ленин ордендүү опера жана балет театрынын башкы директору А.Истамбаев менен жолугушту. Жолугушууга башкы балетмейстер Канат Надырбек да катышты.

Элчи Т.Базарбаев театрдын эл аралык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, италиялык тараптан Сан-Карло опера театры менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюуга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

А.Кастьелло Сан-Карло театры менен келишим түзүүгө көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле Сан-Карло театрында кыргыз балет артисттеринин гастролдорун уюштуруу маселесин иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: “Nicola Sala” консерваториясы 1988-жылы белгилүү неаполитандык опера ырчысынын урматына негизделген жана эл аралык музыкалык долбоорлорду, анын ичинде Эраcмус+ программасы аркылуу активдүү ишке ашырууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK