«Энелер күнүнө” арналган иш-чара жөнүндө

2020-жылдын 28-ноябрында Екатеринбург шаарында “Кыргызстан-Урал” жана “Евразия-Казакстан” Свердлов облустук коомдук уюмдар уюштурган “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери катышты.

Диаспоралык бирикмелердин күчү менен коноктор үчүн кыргыз, казак жана орус тилдериндеги ыр-бий коштогон концерт уюштурулду.

Вице-консул Чолпонай Аджиматова өзүнүн кыскача сѳзүндѳ энелерди майрамы менен куттуктап, бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалады жана Башкы консулдуктун атынан көп балалуу энелерге белектерди тапшырды.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө маалымдап, кыргызстандыктарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK