Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.

Мамлекет башчылары кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук жана өнөктөштүк маанайдагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешет", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK