Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 1-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

COVID-19дун жайылышына карата карантиндик иш-чарага байланыштуу Казакстан Республикасынын чек арасынын кесилишине киргизилген убактылуу чектөөлөрдүн шартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Нур-Султан жана Алмата шаарларында жайгашкан чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнөн визаларды алуу үчүн Казакстан Республикасына багыт алган Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Казак тараптан убактылуу чектөөлөр киргизилген учурдан тартып Министрлик тарабынан Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин дарегине дипломатиялык нота жөнөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын 200дөн ашык жаранына Казакстанга барууга көмөк көрсөтүлдү.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бул кызмат көрсөтүүлөргө төлөө зарылдыгына шилтеме жасашып, Казакстан Республикасына барууга уруксат алуу үчүн ортомчу адамдардын жана уюмдардын акы алган учурлар жок эмес.

Ушуга байланыштуу Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Казакстан Республикасынын аймагына баруу маселесин макулдашуу үчүн Казакстандын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн дарегине дипломатиялык нотаны тариздөө бекер негизде жүзөгө ашырыларын эскертет.

Кыргыз Республикасынын ТИМи белгилүү төлөмдөргө Казакстанга баруу маселесин макулдашууну тездетүү жөнүндө ортомчу адамдардын же уюмдардын шектүү сунуштарына жарандарды ишенбөөгө чакырат.

Нур-Султан жана Алмата шаарларында жайгашкан үчүнчү мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнөн визаларды алуу үчүн Казакстан Республикасына барууга уруксат алуу маселесин макулдашуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:

- жарандын жазуу жүзүндөгү арызы (өзү толтурган), же болбосо чет өлкөгө ишке оргоштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берген юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- КР жаранынын өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (ID паспорт, жалпы жарандык паспорт);

- Нур-Султан жана Алмата шаарларында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде визаларды тариздөө үчүн негизди тастыктоочу документтин көчүрмөсү (мамлекеттик же расмий тилдерге которуу менен);

Казакстан Республикасына Кыргыз Республикасынын жарандарынын баруу маселесин кароо мөөнөтү 5тен 10 жумушчу күндү түзөт, ал Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кыргыз тараптын кайрылууларына ички макулдашууларды жүргүзүүгө байланыштуу.

Арыз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти тарабынан төмөнкү дарек боюнча: Бишкек ш. Тоголок Молдо көч. 10, дүйшөмбүдөн жумага дейре, 9.00 сааттан 18.00 саатка чейин же болбосо электрондук дарек боюнча: dks@mfa.gov.kg. кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн Министрлик 0(312) 663250 (доб.121) телефону боюнча кайрылууну өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK