КР ТИМинин маалыматтык 2020-жылдын 23-январындагы билдирүүсү

2020-жылдын 22-январында кечке маал Россия Федерациясынын Челябинск  облусундагы «Троицк» чек ара ѳтмѳ пунктуна жакын жерде жол кырсыгы болуп, 5 киши каза болду. Кыргызстандын мамлекеттик номуру кѳрсѳтүлгѳн «Хонда» маркасындагы автоунаасы маңдайкы жолго чыгып, КАМАЗ автоунаасы менен кагылышкан. Алдын ала маалымат боюнча «Хонда» автоунаасынын жүргүнчүлѳрү Челябинск шаарынан Троицк шаарына бара жатышкан.

Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикаснын Башкы консулдугу Россиянын Челябинск облусу Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин жана укук коргоо органдары менен байланышып, каза болгондор тууралуу алдын ала маалымат алынып, маркумдардын жарандыгы жана инсандыгы аныкталды.

Россиянын Ички иштер министрлигинин Челябинск облустук Миграция суроолору боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен беш киши каза болуп, алардын үчѳѳ Кыргыз Республикасынын жарандары экендиги аныкталды.

Маркумдардын сѳѳгү Россиянын Челябинск облусу боюнча Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жардамы менен Троицк шаарындагы ѳлүкканага жеткирилди.

Башкы консулдуктун кызматкерлери иликтѳѳ иштерин жүргүзүп жаткан Россиянын Ички иштер органдары менен байланышып, ошондой эле каза болгондордун туугандары менен сүйлѳшүүгѳ кѳмѳктѳшкѳн Челябинсктеги «Мекендештер» диаспора уюмунун жетекчилиги жана активдери менен биргеликте Кыргызстанга «Жүк-200» жеткирүү иштерин уюштурууда.    

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK