КР ТИМдин 2020-жылдын 3-ноябрындагы маалыматтык билдирүүсү

Ушул жылдын 2-ноябрында 20:00дөн кийин, белгисиз топтор Вена шаарынын алты ар кайсы жеринен ок атуу менен кол салуунун сериясын жасашты. Кол салуунун натыйжасында 4 адам каза тапты, дагы 18и ар түрдүү оор деңгээлиндеги жаракаттарды алышты.

Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигинин маалыматы боюнча жабыкагандардын арасында Кыргызстандын жараны жок.

Коопсуздук коркунучтун жогорку деңгээли сакталып турганын эске алуу менен топтор Вена шаарында турган биздин жарандар менен мекендештерге адамдардын массалык топтолгон жеринен жана коомдук транспорттордон качууну сунуш кылабыз.

Маалымат катары Вена шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде жарандар үчүн күнү-түнү телефон иштерин эсиңиздерге салабыз: +43 676 626 94 93.​        

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK