Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түз үзгүлтүксүз авиа байланыштын санын көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынганын маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги  россия тарабы менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түз үзгүлтүксүз авиа байланыштын санын жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынганын маалымдайт.

Ошентип, 2021-жылдын 8-февралынан тартып, Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкек шаарынан Москва шаарына «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз каттамы жана «Аэрофлот- Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз авиа каттамдары менен уча алышат.

Үзгүлтүксүз авиа каттамдардын көбөйүшү Covid-19 жаңы штаммын Кыргыз Республикасына алып кирүүгө жол бербөө максатында алдын ала көрүлгөн чаралардан улам Кыргыз Республикасында коронавирус илдетине чалдыккандардын санынын олуттуу түрдө төмөндөшү менен жалпы эпидемиологиялык кырдаалдын стабилдешинен улам ишке ашып жаткандыгын белгилейбиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK