Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровго Баткен облусунда курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 1-майда, телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Телефон аркылуу сүйлөшүү Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен ишке ашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK