Казань шаарында кыргыз режиссерунун “Бейиш – эненин таманында” аттуу кинотасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү

Ушул жылдын 11-апрелинде Казань шаарынын “Мир” кинотеатрында кыргыз режиссеру Руслан Акундун “Бейиш – эненин таманында” аттуу кинотасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү.

Көрсөтүүнүн коноктору: Татарстан Республикасынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы К.Самигуллин, Татарстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Д.Натфуллин, Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин депутаты Н.Гафиятуллин, Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин билим берүү, маданият, илим жана улуттук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Л.Рыбакова, Татарстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары М.Ахматов, Россия Федерациясынын ишкерлер-мусулмандар ассоциациясынын президенти А.Шагимарданов, Татарстан Республикасынын Раисине караштуу Маданий өнүгүүнү колдоо Фондунун аткаруучу директору Н.Хашимова, КР Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы өкүлү, Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы Н.Атаканов, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, күчтүү эмоция жаратты.  

Башкы консул Э.Бейшембиев жана Татарстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Д.Нутфуллин куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Башкы консул өз сөзүндө тасманын кыргыз жана казак кино сүйүүчүлөрүнүн купулуна толгондугун баса белгиледи.

Өз кезегинде Татарстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Д.Нутфуллин эки элдин маданиятынын ортосундагы достук мамилелерди орнотуунун негизи катары мындай иш-чаралардын келечегин белгиледи.

Белгилей кетсек, тасма бир эле учурда Россия Федерациясынын бардык аймактарында кеңири кинотеатрларда көрсөтүүгө чыкты.

Маалымат үчүн: тасма акыл өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан 35 жаштагы Адилдин укмуштуу окуясын баяндайт. Адил кичинекей айылда 75 жаштагы апасы Райхан апа менен жашайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK