КМШга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчыларынын Россия Федерациясынын Ички иштер министринин Биринчи орун басары Александр Горовой менен жолугушуусу болуп өттү

Ушул жылдын 4-августунда видеоконференция форматында КМШга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчыларынын Россия Федерациясынын Ички иштер министринин Биринчи орун басары Александр Горовой менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда А.Горовой Россиядагы азыркы миграциялык абал тууралуу маалымат берип, КМШ жарандары тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын статистикасын жарыялады.

Ал өзгөчө акыркы убакта Москва менен Санкт-Петербургда КМШга мүчө мамлекеттердин жарандарынын катышуусу менен болгон көп окуяларга көңүл бурду. Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук тартипти орнотуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ал Россиянын Ички иштер министрлигинин ведомстволук аймактык органдарына чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелерине чет өлкөлүк жарандардын кармалышы жана камакка алынышы тууралуу билдирүүлөрдү милдеттүү түрдө жөнөтөрүнө ишендирди.

А.Горовой КМШ өлкөлөрүнүн Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн Россиянын мыйзамдарын сактоо, ошондой эле алардын Россия Федерациясынын аймагында болушун мыйзамдаштыруу маселеси боюнча мекендештер менен түшүндүрүү иштерин улантуусун суранды.

А.Горовой Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Россиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын камсыздоо боюнча ишин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын урматтоого жана так сактоого дагы бир жолу чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK