КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин юбилейлик 30-отуруму өттү

2023-жылдын 8-9-июнунда Ысык-Көл облусунда КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин (ККЖКК) юбилейлик 30-отуруму өттү.

Кыргыз Республикасынын КМШга төрагалык кылуусуна байланыштуу ККЖККнын кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын аймагында болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин консулдук департаменттеринин жетекчилери жана Тажикстандын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү катышты. РФтин Юстиция министрлигинин өкүлдөрү видеоконференцбайланыш режиминде катышты.

Тараптар Конвенциялардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты, электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап, консулдук багытта кадрларды даярдоо маселелери боюнча пикир алышты. Катышуучулар жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле согуш жүрүп жаткан аймактардан жарандарды эвакуациялоодо өз ара жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгү боюнча бир пикирге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK