Конья шаарындагы Селчук университетинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган жана Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чара болуп өттү

2021-жылдын 14-декабрында Конья шаарындагы Селчук университетинде кыргыз студенттик коомчулугу тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Селчук университетинин Ректору проф. д-р. Метин Аксой катышып, сөз сүйлөшүштү.

Селчук университетинин профессордук-окутуучулук курамы, ТРнын университеттеринин студенттери жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да катышкан иш-чаранын жүрүшүндө, улуттук маданияттын буюмдары (костюмдар, зергер буюмдары, идиш-аяк, сувенирлер ж.б.) көрсөтүлдү, улуттук тамак-аштар ооз тийгизилди, кыргыздын улуттук бийлери менен комуз, чопо-чор, ооз комузда улуттук чыгармалар аткарылды, Кыргызстан жана Чынгыз Айтматов тууралуу видеороликтер менен жазуучунун чыгармалары боюнча чакан театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK