Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчиси «SCL HEALTHCARE GROUP» медициналык корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушту

2020-жылдын 16-октябрында, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова “SCL Healthcare Group” медициналык корпорациясынын төрагасы Ли Кёнг Рюль мырза менен жана медицина тармагындагы алдыңкы адистер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси Кыргыз Республикасындагы COVID-19 илдети жана медицина жаатында кызматташуунун потенциалы жөнүндө маалымат берди. Тараптар менен келечекте биргелешкен лабораторияларды ачуу жана саламаттыкты сактоо жаатындагы долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK