КР ЭСКММ өкүлчүлүгүнүн жана КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын ИИМ Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын ЦВСИГине барышты

2024-жылдын 21-майында КР ЭСКММ өкүлчүлүгүнүн жана КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга барышты (ЦВСИГ).

ЦВСИГке болгон иш-сапардын алкагында, Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүлүп, мекенге кайтүү үчүн документтерди тариздөө тартиби туралуу түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү, жарандырды кармоо шарттары боюнча суроолор талкууланды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын кызыктырган бир катар суроолорго жооп берилди.

Ошондой эле мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү процессин тездетүү максатында борбордун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү.

Маалымат үчүн: Учурда Новосибирск ЦВСИГде Россия Федерациясынын аймагынан административдик депортациялоо боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп жаткан Кыргыз Республикасынын 17 жараны кармалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK