КР Конституциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата Кувейтте жашаган мекендештер үчүн маданий иш-чара уюштурулду

2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата Кувейт Мамлекетинде жашаган мекендештер үчүн Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги тарабынан маданий иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында Элчи А.Карагулов бул күндүн маанилүүлүгүн белгиледи, катышуучуларга Конституциянын кабыл алынышынын мааракесине арналган атайын видеоролик тартууланды.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө Кувейтте жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кеңешмелер өткөрүлүп, жыйынтыгында Элчиликтин атынан сый тамак уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK