КР ТИМ башчысы Бельгиядагы «John Cocerill» корпорациясына барды

2020-жылдын 13-февралында кыргыз экономикасынын приоритеттүү тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды жана инновациялык технологияларды тартууга көмөктөшүүнүн алкагында Бельгиянын Льеж шаарында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун «John Cocerill» бельгиялык ири корпорациянын жетекчилиги менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө «John Cocerill» корпорациясынын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөрүштү. Улуттук долбоорлордун алкагында таза суу менен камсыз кылуу, гидроэлектростанция куруу тармактарында кызматташуунун келечектүү багыттары жана транспорттук долбоорлордо катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министр 2020-жылы жайында Бишкекте өтүүсү пландалган «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» аталышындагы Биринчи экономикалык форум тууралуу кабарлады жана «John Cocerill» корпорациясын бул иш чарага активдүү катышууга чакырды.

Маалымат үчүн:

Бельгиялык John Cockerill Group корпорациясы 1817-жылы негизделген. Компания дүйнөнүн 23 өлкөсүндө иштейт. Акча жүгүртүүсү 1.8 млрд евро. Учурдагы ири масштабдуу технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга адистешкен жана энергетика, коргонуу, өнөр жай, курчап турган чөйрө, транспорт жана инфратүзүм чөйрөсүндө иштейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK