КР ТИМ Башчысынын Ирандын ТИМ Башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду

2020-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джавад Зариф менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Ч.Айдарбеков өзүнүн ирандык кесиптешин Нооруз майрамы менен куттуктады жана учурда иран элинин башынан өтүп жаткан, эң оболу, өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына каршы күрөштөгү бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгууну каалады.
Коронавирустун чыгышына байланыштуу Кыргызстандын жүк ташуучу автомашиналарынын айдоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүдө иран тарабынын жардамын жогору баалап, министр Ч.Айдарбеков министр Дж.Зарифге ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле Иранда калган, жакын арада Ирандан чыгууну ниет кылган айрым Кыргызстандын жүк ташуучу автомашиналарынын айдоочуларына да көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.
Ирандын тышкы иштер министри Дж. Зариф колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди жана эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде, коронавирус глобалдуу пандемиясына каршы бирдиктүү күрөштө кызматташтыкты өнүктүрүүгө иран тарабынын даярдыгын тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK