КР ТИМдин 2023-жылдын 25-ноябрына карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин алкагында, ошондой эле Газа тилкесиндеги (Палестина) туруксуз кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, КРнын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилиги жана Россия Федерациясынын Каир шаарындагы Дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 2023-жылдын 24-ноябрында Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” маршруту менен Кыргыз Республикасынын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды.

Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган эвакуация рейси Москва шаарына келгенде Кыргыз Республикасынын жарандарын КРнын Москва шаарындагы Элчилигинин кызматкерлери тозуп алып, мейманканага жайгаштырышты.

Кыргыз тарабы орус тарабына Кыргыз Республикасынын жарандарын Газа тилкесинен ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

КРнын Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесинин аймагынан чыгып кетүүгө ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK