КР ТИМдин 2024-жылдын 27-июнуна карата маалымат билдирүүсү

Министрлик ЖМКларда жайгаштырылган «Алматыда кыргызстандык кыз терезеден кулап каза болду» деген жаңылыкка байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

2024-жылдын 26-июнунда саат 06.50 чамасында 2007-жылы туулган КРнын жараны У.К.Н. Алматы шаарынын Сейфуллина №31/50 көчөсүндө жайгашкан үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап түшкөн. Кырсыктан алынган оор жаракаттардын натыйжасында аталган жаран каза болгон. Алматы шаарына ал тууганы менен 2024-жылдын 21-майында келген.

КРнын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун туугандары менен байланышта. Бүгүнкү күнгө маркумдун сөөгүн алып чыгууга компетенттүү органдардан уруксат алынды. Учурда «Жүк 200» аркылуу Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK