КР ТИМинин 2022-жылдын 1-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

Тажикстан Республикасынын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны З.Д. кармалгандыгы тууралуу маалыматтын таралышына байланыштуу Министрлик төмөнкүлөрдү маалымдайт.

2022-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкери милиция бөлүмүнө барган, анын жүрүшүндө анын кармалгандыгы тууралуу факт аныкталды.

Учурда КРнын Элчилиги тарабынан аталган Кыргызстандын жаранынын кармалышынын жагдайын тактоо жана тез арада бошотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Министрлик бул маселени өзгөчө көзөмөлүндө кармап турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK