КР ТИМинин 2022-жылдын 23-майында карата маалыматтык билдирүүсү

Москва облусунда кыргызстандык 11 жаштагы кыздын сабалышы боюнча Социалдык тармактарда жана ЖМКда тараган маалыматка байланыштуу Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, окуянын чоо-жайын аныктоо иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Т.Э. аттуу 1994-жылы туулган жараны, күйөөсү менен бирге жашы жете элек эки баланы тарбиялап жаткан Ош облусунун тургуну, энеси тарабынан жээни болуп саналган 2012-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек Т.С. аттуу жаранына карата күч колдонгону аныкталган.

Кыздын ата-энеси Кыргызстанда. Туугандарынын айтымында 2021-жылдын октябрь айында кызды ата-энеси Россияда жашаган туугандарына алардын кичинекей балдарын кароого жардам берүү үчүн жиберген.

2022-жылдын 22-майында Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери кыз жашап жаткан жерге барып, анын абалы менен таанышып келген. Өспүрүмдүн абалы канааттандыраарлык, визуалдык кароо боюнча кыздын көзүндө жана колдорунда көк ала тактар бар, ошондой эле ал психологиялык жактан басымга кабылганы байкалган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарындагы медициналык мекемелердин биринде Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранын медициналык кароодон өткөрүү уюштурулду.

2022-жылдын июнь айынын башында Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранын мекенине кайтаруу пландалууда.

Элчилик Москва облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине Россия менен Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн кайрылуу жөнөттү.

Бул маселе Министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK