Кыргыз Республикасынын жаранына карата КР жалпыга маалымдоо каражаттарында "Барар жерим жок" аталышта тараган маалымат боюнча маалыматтык билдирүү

2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жолдошу тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылып, көчөдө калган 1993-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Р  тууралуу маалымат боюнча Министрлик төмөндөгүлөрдү билдирет.

Аталган факты боюнча КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жараны А.Р. менен телефон аркылуу ыкчам байланышканда, А.Р. учурда эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген. Ошону менен бирге ал балдары менен Кепез шаарында батирди ижарага алып, жашап жаткандыгын, жана андан ары Түркияда туруусун мыйзамдаштырып, ошол жакта калууну көздөп жатканын маалымдады.

Ал эми жолдошуна карата Кепез шаардык үй-бүлө маселелери боюнча Башкармалыгынын буйругу менен жаран А.Р  менен байланышууга бир айлык мөөнөткө соттук тыюу салынган.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу аталган жаранга Түркияда жашап турууга уруксат алуу маселеси жана өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча консультация берилди.

Бул суроо Министрликтин жана Башкы консулдуктун туруктуу көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK