КР ТИМинин 2022-жылдын 19-апрелине карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын жарандарынын кирүүсү үчүн чектөөлөрдүн токтотулушу тууралуу казак тарабынан расмий маалымат алынганын билдирет.

Ага ылайык 2022-жылдын 11-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын жарандарына санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен (коронавирустук инфекциянын жок экендиги жөнүндө ПЦР-тест 72 сааттан ашпаган мөөнөтү менен маалым кат, же эмдөө/кайра эмдөө жүргүзүлгөн күндөн тартып 6 айдан ашпаган мөөнөткө эмдөө паспорту) мамлекеттик чек аранын жердеги жана аба боюнча өткөрмө пункттары аркылуу, анын ичинде башка мамлекеттердин аймактарынан Казакстан Республикасына кирүүгө уруксат берилет.

Маанилүү!

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Казакстан Республикасынын аймагынан Россия Федерациясына жердеги өткөрмө пункттары аркылуу кирүүгө коюлган чектөөлөр азырынча жоюла элек, тактап айтканда, Казакстан аркылуу Рссиянын аймагына кирүүгө мүмкүн эмес. Бул чектөөнү алуу боюнча иштер улантылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK