КР ТИМинин 2022-жылдын 5 мартына карата маалыматтык билдирүүсү

Социалдык тармактарда жана ЖМКларда Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагында аскердик кызмат өтөөгө чакырылган деген маалыматтар тараганына байланыштуу Министрлик төмөндөгүлөрдү билдирет.

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелерине Кыргыз Республикасынын жарандарынан мындай билдирүүлөр жана кайрылуулар түшкөн эмес.

Кыргыз Республикасынын «Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамына (2009-жылдын 9-февралындагы № 43) ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка чакыруу бир гана Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлөт.

Ошентип, Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын орус органдары тарабынан аскердик жыйындарга, анын ичинде согуштук аймакка чакыртылганга мүмкүн эмес.

Кандайдыр бир суроолор болгон учурда, Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине кайрылышы керек.

Этникалык кыргыздар болгон Россия Федерациясынын жарандарын аскердик жыйындарга чакыруу Россия Федерациясынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK