КР ТИМинин 2023-жылдын 16-октябрына карата маалыматтык билдирүүсү

Министрликтин демилгеси боюнча 2023-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө Жобо бекитилген.

Аталган Жободо төмөнкү өзгөрүүлөр каралган.

«Visa-run» жокко чыгаруу. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн узартуу максатында өлкөдөн көп чыгып, кайра кайтып келүү практикасы эми "60/120" принциби боюнча визасыз режимин киргизүү менен чектелет.

Бул механизмге ылайык, 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим колдонулган учурда, Кыргызстанга чыккан күндөн тартып 60 күндөн кийин гана кайра кирүү мүмкүн болот.

Мисалы, "60/120" принциби боюнча мөөнөттөрдү эсептөө 60 күндүк визасыз режим белгиленген жарандарга карата колдонулат. Кыргызстанга визасыз тартипте 90 күнгө чейин келе ала турган жарандарга карата мөөнөттөр " 90/180 "принциби боюнча эсептелет.

Ушуга байланыштуу, министрлик чет мамлекеттердин жарандарын өлкөнүн аймагында болууну алдын ала пландаштырууга жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасында болууга тийиштүү уруксат берүүчү документтерди тариздөөгө чакырат.

Министрлик визаны же башка уруксат берүүчү документтерди (жашап турууга уруксат берүү, каттоо, "кайрылман" статусу ж.б.) Кыргыз Республикасынын чегинен чыкпай туруп тариздөө мүмкүн экендигине өзгөчө көңүл бурат.

Миграциялык агымдарды кыйла натыйжалуу контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү контекстинде чет өлкөлүк жарандын келүү мезгилинен ашып кетүү мөөнөтүнө түздөн-түз пропорционалдуу көз карандылыкта чыгуу визасынын наркы жогорулады.

Министрлик жаңы өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин миграциялык агымдарды натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга жана өлкөнүн жалпы коопсуздугун жакшыртууга умтулуусун чагылдырарын баса белгилейт.

Суроолор пайда болгон учурда телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот: +996 312 66 30 70, +996 703 42 88 65 (Министрликтин консулдук департаменти).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK