КР ТИМинин 2023-жылдын 2-октябрына карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын жараны Э.Э.нин мурдагы жолдошу - Түркия жараны тарабынан сабалганы тууралуу социалдык тармактарда жарыяланган маалыматка байланыштуу Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын декабрында Кыргызстандын Э.Э. жараны менен Түркиянын М.Д. аттуу жаранынын ортосунда ажырашуу процесси болуп өткөн. Соттун чечими негизинде төрөлгөн бала энесинин кароосунда калган.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Башкы консулдук тарабынан КРнын Э.Э. аттуу жаранынын болгон маселелерин чечүү үчүн адвокат менен жолугушуусу уюштурулган. Ошондой эле Э.Э. жаранынын баласы менен (Түркиянын жараны) Кыргызстанга баруу маселеси боюнча керектүү консультациялар көрсөтүлгөн. Э.Э. маалымдагандай, Түркиянын сот органы тарабынан алимент төлөө маселеси каралып жаткандыктан, ал сот процесси аяктаганга чейин Түркияда калууну көздөгөн.

2023-жылдын 21-сентябрында Э.Э. эжеси Д.Э.нин коштоосунда Башкы консулдукка кайрылган. Жогоруда аталган жарандын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Башкы консулдук тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды колдоо Фонду менен Э.Э.ге зарыл жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилген. Бирок Э.Э. белгисиз себептерден улам жардам алуу үчүн аталган Фондго кайрылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, маселени көзөмөлдөйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK