КР ТИМинин 2023-жылдын 20-октябрына карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта аскердик-саясий абалдын туруксуздугуна жана палестина-израиль жаңжалынын андан ары курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына Ливан Республикасынан чыгып кетүүнү жана ошондой эле чыр-чатакка кабылган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ошону менен бирге, Министрлик, Израилде жүргөн Кыргызстандын жарандарын азыркы учурда каттап жаткан туруктуу каттамдар менен барган өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүгө чакырат.

Ошол эле учурда, Министрлик, күтүлбөгөн кырдаалдарда жана шашылыш суроолор келип чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандарына Министрликтин Консулдук департаментинин түз байланыш телефонуна кайрылууну эскертет: +996 999 312 002.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK