КР ТИМинин 2023-жылдын 3-августуна карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы 2023-жылдын 18-июнунда болгон. Бирок жабыркаган мекендеш Элчиликтин дарегине кайрылган эмес. Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап, Элчилик тараптан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жаранын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштери башталган.

Азыркы учурда Элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул факты боюнча жабыркаган менкендешибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Элчилик тараптан тиешелүү иш-чаралары көрүлүп жатат. Ошондой эле, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине Кыргыз Республикасынын Элчилигинен расмий Нота жөнөтүлдү.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK